Жайкы лагерлер — бул балдар үчүн атайын уюштурулган, тарбиялык мааниге ээ болгон, билим берүү менен эс алууну айкалыштырган өзгөчө программа. Анын негизги максаты — окуучулардын саламаттыгын чыңдоо, чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү жана пайдалуу көндүмдөрдү калыптандыруу болуп саналат.
Кемин райондук билим берүү бөлүмү тарабынан 2025-жылдын жай мезгилинде жалпы 23 орто мектептин башталгыч класстарынын окуучулары үчүн жайкы лагерь ийгиликтүү уюштурулду. Бул лагерлерге жалпысынан 719 окуучу активдүү катышып, мазмундуу эс алуу менен катар, кызыктуу оюндарга, билим берүү жана тарбиялык иш-чараларга тартылышты.
Лагердин негизги максаттары:
- Балдардын ден соолугун чыңдоо
- Коомдук жана коммуникативдик көндүмдөрдү өнүктүрүү
- Чыгармачылык жөндөмдөрдү ачуунун шартын түзүү
- Эмгекке, достукка жана ынтымакка тарбия берүү
Ар бир мектеп өзүнүн иш-пландарына ылайык ар түрдүү күнүмдүк программаларды сунуштап, окуучулар табигый шартта эс алууга, кол өнөрчүлүккө, оюн жана чыгармачылык иш-аракеттерге активдүү катышышты.
Бул иш-чаралар окуучулардын жаңы досторду табуусуна, өзүнө болгон ишенимин бекемдөөгө жана позитивдүү эмоциялар менен эс алууга өбөлгө болду.
📅 Жарыяланган күнү: 14-июнь 2025-жыл
🏢 Кемин райондук билим берүү бөлүмү

