2024–2025-окуу жылында Кемин райондук билим берүү бөлүмү менен “За-Кемин-Үчүн” коомдук бирикмеси тыгыз кызматташууда иш алып барып, ата-энелер менен мугалимдердин өз ара байланышын чыңдоого багытталган “Ата-эне мектеби” долбоорун ийгиликтүү ишке ашырышты.

Долбоордун алкагында ата-энелер үчүн онлайн жана оффлайн форматтарда сабактар, маалымат берүү сессиялары жана түрдүү тематикалык конкурстар өткөрүлдү. Иш-чаралардын жыйынтыгында, баш байге катары бир үй-бүлөгө Ысык-Көлдөгү “Аврора” пансионатына жолдомо ыйгарылды. Мындан тышкары, дагы 5 апага кошумча жолдомо тапшырылды.

Долбоордун активдүү координаторлору коомдук бирикменин колдоосу менен Бишкек шаарындагы Улуттук филармонияга концертке катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Атайын уюштурулган семинарлар дагы өттү. Педагогика илимдеринин доктору, доцент Кыялбек Акматов жана тренер-коуч Бийик Рыскулов райондогу мектептердин класс жетекчилери жана координаторлор үчүн тренинг өткөрүштү. Бул семинарлар коомдук бирикме менен түзүлгөн оозеки келишимдин негизинде ишке ашкан.


🔄 “Ата-эне мектеби” 2025–2026-окуу жылында да уланмакчы

Долбоордун ийгилиги эске алынып, 2025–2026-окуу жылында “Ата-эне мектеби” өз ишин улантат.
Жетекчи катары кайрадан Акжол Исаев, ал эми координатор — Назгүл Жамакеева дайындалышты.

Алдыда да ата-энелер үчүн түрдүү сабактар жана иш-чаралар пландалууда. Өзгөчө басым класс жетекчилер арасында өтүүчү конкурска коюлуп, анда “Аврора” пансионатына 12 жолдомо, ал эми координаторлорго 4 жолдомо берүү каралууда.

2025–2026-жылга карата долбоордун расмий иш-планы ушул жылдын август айынын соңунда сунушталат.


Соңунда айтаарым:
Гапыр Мадаминов агай айткандай — бала тарбиясы ата-эне менен мугалимдин биргелешкен аракетинен башталат. Бул жолду уланта берели!

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген