Бүгүн, 2025-жылдын 2-июнунда, бүткүл Кыргызстан боюнча 9- жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо расмий түрдө башталды.
Кемин районунун бардык орто мектептеринин бүтүрүүчүлөрү бул маанилүү этапка активдүү катышып жатышат. Иш-чара Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Назгүл Медеркуловна Якупованын Г.П. Кудряшов атындагы Орловка №1 жалпы билим берүү мектебине барып, окуучуларга ак жол, ийгилик каалоосу менен ачылды.
Мамлекеттик аттестациялоонун адилет жана тынч өтүшүн камсыз кылуу үчүн билим берүү бөлүмүнүн адистери бардык мектептерде көзөмөл жүргүзүү иштерин уюштурушту. Ар бир бүтүрүүчүнүн билими таза эмгек менен бааланып, келечекке ишенимдүү кадам ташташына шарт түзүлдү.
🎓 Биздин тилегибиз — бардык бүтүрүүчүлөргө ийгилик, чыдамкайлык жана ишеним!
Алдыңар жарык болсун!




