2025-жылдын 27-май күнү Кемин райондук билим берүү бөлүмү тарабынан 5-класстардын арасында класстан-класска көчүрүү сынагы өткөрүлдү. Сынак Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө мыйзамдарга жана тиешелүү нормативдик укуктук актыларга ылайык уюштурулду.
Бул иш-чара төмөнкү документтердин негизинде өткөрүлдү:
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 18-январындагы №864 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу 2024-жылдын 28-февралындагы №1990 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2025-жылдын 21-апрелиндеги №427/1 буйругу.
Сынактын негизги максаты — 5-класстын окуучуларынын мамлекеттик тилди өздөштүрүү деңгээлин текшерүү, класстан-класска көчүрүүнү негиздөө жана кыргыз тилинин билим берүү чөйрөсүндөгү ордун бекемдөө болуп саналат.
Сынак 2024–2025-окуу жылынын жыйынтыгы катары бардык жалпы билим берүүчү орто мектептерде өткөрүлүп, анын негизинде окуучулардын мамлекеттик тил боюнча даярдыгы бааланды.



