Акыркы коңгуроо — бул бүтүрүүчүлөр үчүн жашоонун жаңы баскычына кадам таштоо гана эмес, ошол эле учурда мугалимдер үчүн да чоң жетишкендиктин, үзүрлүү эмгектин жыйынтыгы. Ар бир бүтүрүүчүнүн жүрөгүндө калуучу билим, акыл-насаат жана мээрим — бул Сиздер, урматтуу мугалимдер!

2025-жылдын 26-май күнү, Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн карамагындагы бардык жалпы билим берүүчү орто мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаты уюшкандыкта жана көтөрүнкү маанайда өттү.

Салтанаттын жүрүшүндө бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн мугалимдерине, ата-энелерине, мектепке арналган ыр саптарын, обондуу чыгармаларын жана салтка айланган мектеп вальсын тартуулашты. Бул өзгөчө учур ар бир көрүүчүнүн жүрөгүн жылытты.

Салтанаттуу иш-чаралардын алкагында Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.А. Шакиров Ж. Садыков атындагы Кемин №1 орто мектебине барып, бүтүрүүчүлөрдү Ардак грамоталар менен сыйлап, куттуктоо сөзүн айтты.

Ошол эле учурда Кемин РИИБ кызматкерлери мектептерде окуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында өз милдеттерин так жана ыкчам аткарышты.


🎓 Урматтуу бүтүрүүчүлөр!

Жашооңуздарда жаркын күндөр, күч-кубат жана чыныгы сыймыктануу сезими коштосун! Алдыңар жарык болсун, ар дайым бактылуу жана ден соолукта болуңуздар!

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген