2025-жылдын май айында Кемин районунун маданият үйүндө өзгөчө бир маданий жана социалдык мааниге ээ иш-чара болуп өттү — «Үмүт-Надежда» балдардын ден соолугун калыптандыруучу үйүнүн тарбиялануучулары тарабынан доктор Кристофер Штольценбургтун жетекчилиги менен «Муздак жүрөк» аттуу инклюзиялык спектакль сахналаштырылды.
Бул иш-чара Кемин райондук билим берүү бөлүмү жана Кемин райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын колдоосу менен уюштурулуп, район тарыхында биринчи жолу өткөрүлдү.
🌟 Сахнада чыныгы талант жана жүрөктүн ысыктыгы
Иш-чаранын башкы максаты — мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын коомго активдүү аралашуусуна шарт түзүү, өздөрүнүн чыгармачылык талантын ачууга мүмкүнчүлүк берүү жана аларды коомдук жашоонун толук кандуу мүчөсү катары көрсөтүү болду.
«Мүмкүнчүлүгү чектелген» деген түшүнүк – мүмкүнчүлүк жок дегенди билдирбейт. Бүгүнкү спектакль аркылуу балдардын талантка болгон чеги жоктугуна сахнада өз көзүбүз менен күбө болдук. Алардын чеберчилиги жана берилгендиги залдагы ар бир көрүүчүнүн жүрөгүн козгоду.
Бул көрүнүш башка балдар үчүн да мотивация, үмүт жана ишеним болду деген ишеничтебиз.
📍 Иш-чаранын уюштуруучулары:
– Кемин райондук билим берүү бөлүмү
– Кемин райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы


