Бүгүн, Жогорку Кеңештин депутаты Абакиров Эльдар Курманбекович Кемин районуна караштуу Чоң-Кемин өрөөнүндө жаш жеткинчектердин спорттогу жетишкендиктерине күбө болуп, аларды дзюдо боюнча ийгиликтери менен куттуктады.

Иш-чаранын жүрүшүндө депутат жаш спортчуларга өзүнүн белектерин тапшырып, алардын мындан аркы спорттук жолунда ийгиликтерди каалады. Бул демилге келечек муундардын спортко болгон кызыгуусун арттырып, сергек жашоого болгон умтулуусун чыңдай тургандыгы менен баалуу.

Жергиликтүү жаш спортчулардын арасында эл аралык жана дүйнөлүк аренада ийгиликке жетишкен таланттар тарбияланып келе жаткандыгы белгиленди. Бул жерде жаштарга жол көрсөтүп, эмгек сиңирип келе жаткан машыктыруучу Жумабеков Шайлообек Алмасбековичке ыраазычылык билдирилди.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген