Кемин шаарындагы маданият үйүндө Кемин районунун жалпы класс жетекчилери жана мугалимдерге арналган чоң семинар-тренинг болуп өттү.

Иш-чаранын темасы — «Ата-энени мектепке тартуунун жана окуучунун окуусунда ийгилик жаратуу ыкмалары». Семинарды «ТАZA БИЛИМ» билим борборунун негиздөөчүсү, Президенттин аппаратынын алдындагы академиянын бүтүрүүчүсү, белгилүү педагог Г. Мадаминов агайдын шакирти Жыргалбек уулу Эрлан алып барды.

Бул маанилүү иш-чара «За Кемин үчүн» коомдук бирикмесинин демилгеси менен уюштурулуп, анын алкагында Кемин районундагы ата-энелер мектебинин 2025–2026-окуу жылы үчүн жаңы айлампасы өз ишин баштады.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген