Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Асель Джуманалиеванын жетекчилигинде түзүлгөн комиссия билим берүү мекемелеринин 2025–2026-окуу жылына даярдыгын текшерди.

Комиссия тарабынан райондогу 30 мектеп жана 25 бала бакча кыдырылып көрүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө көпчүлүк объектилерде капиталдык жана утурумдук оңдоо иштеринин, ошондой эле көрктөндүрүү жана тегерегин тосуу иштеринин активдүү жүрүп жатканы белгиленди.

Учурда бардык иштер соңуна чыгып, жаңы окуу жылынан баштап окуучуларды жана тарбиялануучуларды кабыл алууга толук даярдык көрүлүүдө.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген