2025-жылдын 26-августунда Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн мугалимдерине арналган «Алтын казык – доор өзгөрткөн билим» аталышындагы август кеңешмеси өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.М. Якупова 2024–2025-окуу жылынын жетишкендиктери боюнча маалымат берди.
Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.А. Шакиров СТЕМ мугалимдерине Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан берилген «Алтын казык» ноутбуктарын тапшырды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.К. Абакиров бир катар мектеп мугалимдерине жана бала бакча тарбиячыларына алгылыктуу иштери үчүн Ыраазычылык каттарын тапшырды.
Кеңешменин алкагында п.и.к., профессор С.К. Рысбаев 12 жылдык билим берүүнүн алкагында 1–2-класстарга өтүлүүчү кыргыз тили сабагынын программасы боюнча презентация жасады.
Иш-чаранын жыйынтыгында 2025–2026-окуу жылынын Резолюциясы кабыл алы


