2025-жылдын 28-августунда Токмок шаарындагы Борбордук Азиянын Эл Аралык университетинде Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн жана Чүй–Токмок билим берүү бөлүмүнүн мугалимдерине арналган окутуу уюштурулду.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.К. Абакировдун демилгеси менен өткөрүлүп, анда мугалимдерге компьютерлердин адамдын интеллекти талап кылынган иштерди аткаруу жөндөмдүүлүктөрү – “Жасалма интеллект” тууралуу кеңири маалымат берилди.
Окутуу учурунда “Жасалма интеллект” акылдуу тиркемелердеги сунуштардан баштап автоматтык котормочуларга чейин жашообуздун бардык чөйрөсүн курчап тургандыгы, ошондой эле улам өркүндөтүлүп турган программалардын машиналдык окутуу алгоритмдеринин бир нече түрлөрү жана аларды колдонуу жолдору жөнүндө түшүндүрмөлөр берилди.


