Кемин райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүүчү мектептерде китеп жетишсиздигин азайтуу максатында “Мектебине китеп белек кыл” аттуу акциялар өткөрүлдү.

Акциянын жүрүшүндө мектептердин фонддору ата-энелердин, мектептин мурунку бүтүрүүчүлөрүнүн жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен окуу китептери менен толукталды.

Мындан тышкары, быйылкы окуу жылында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан дагы көптөгөн окуу китептери жаңыланып, мектептерге жеткирилүүдө.

Китеп – билим булагы.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген