Кемин райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүүчү мектептерде китеп жетишсиздигин азайтуу максатында “Мектебине китеп белек кыл” аттуу акция өтүп жатат.

Акциянын жүрүшүндө мектептердин фондун окуу китептери менен толуктоо иштери жүрүп, ага ата-энелердин, мектепти бүтүргөндөрдүн жана демөөрчүлөрдүн колдоосу чоң салым кошууда.

Мындан тышкары, быйылкы окуу жылында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан жаңы окуу китептери дагы мектептерге жеткирилүүдө.

📚 Китеп – билим булагы!
Келгиле, балдарыбыздын жаркын келечеги үчүн мектептерди керектүү китептер менен камсыз кылууга биргеликте салым кошолу!

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген