2025-жылдын 1-сентябрында Кемин районунун бардык мектептеринде салттуу түрдө жаңы окуу жылынын башталышына арналган Билим күнү белгиленди.

Бул майрамдык иш-чарага кураторлук менен бөлүнгөн мекеме-уюмдардын жетекчилери, мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар катышты. Ар бир билим уясында салтанаттуу куттуктоо сөздөр айтылып, окуучуларды билим дүйнөсүнө жолдогон маанилүү учурлар уюштурулду.

Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Ж. Жумабеков Ж. Садыков атындагы Кемин №1 жалпы билим берүү орто мектебинде өткөн салтанатты ачып берип, жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады. Ал окуучуларга жаңы билимге умтулуу, мугалимдерге чыдамкайлык жана ийгилик каалап, ар бир үй-бүлө үчүн бул күндүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

Билим күнүнө арналган майрамдык иш-чараларда окуучулар ыр-бийлерин тартуулап, патриоттук рухтагы чыгармаларды аткарышты. Айрыкча алгачкы жолу мектеп босогосун аттаган алгачкы класстын окуучулары үчүн бул күн чоң майрамга айланды.

Жаңы окуу жылы ар бир билим берүү мекемесинде келечек муундардын таалим-тарбиясында жаңы дем жана жаңы ийгиликтерди алып келет деген үмүттөр айтылды.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген