2025-жылдын 23-сентябрында Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы усулдук кабинетинин 2025–2026-окуу жылына карата иш планынын алкагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган бир катар иш-чаралар өткөрүлдү.
Кемин №3 мектептин уюштуруусу менен район мектептеринин китепканачылары үчүн «Эне тил – ата-бабадан калган аманат, келечек муунга улуу мурас» аттуу семинар өткөрүлдү. Семинарда кыргыз тилинин келип чыгышы жөнүндө доклад окулуп, эне тилди даңазалаган ырлар жаңырды, Манас эпосунан үзүндүлөр айтылды. Бул иш-чара китепканачыларды жана окуучуларды өз тилин сүйүүгө, сыйлоого жана даңазалоого үндөдү. Семинардын соңунда «Китеп куржуну» аттуу акция уюштурулуп, катышуучуларды билим булагы болгон китеп менен достошууга чакырды.
Ошол эле күнү С. Кудайбергенов атындагы Карал-Дөбө жалпы билим берүү орто мектебинде «Улут болсом тилим менен улутмун» аттуу райондук деңгээлдеги иш-чара өткөрүлдү. Анда мамлекеттик тилдин улуттук биримдикти бекемдөөдөгү жана мамлекеттүүлүктү сактап калуудагы өзгөчө ролу баса белгиленди.
Кыргыз тилин даңазалаган бул иш-чаралар эне тилибиздин нарк-даңкын көтөрүп, жаш муундун аң-сезимине «Көөнөрбөй өсө бер, Кыргыз тили!» деген ураанды бекем сиңирди.


