2025–2026-окуу жылынын башталышына карата Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн мектептери арасында “Жаш өрт өчүрүүчү-куткаруучу” сынагы өткөрүлүп, Ж. Садыков атындагы Кемин №1 жалпы билим берүү уюмунун окуучулары жеңишке жетишти.





2025–2026-окуу жылынын башталышы менен жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан “Жаш өрт өчүрүүчү-куткаруучу” сынагы Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн мектептери арасында уюштурулду.
Иш-чара Кемин райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлүп, сынактын негизги максаты — мектеп окуучуларынын өзгөчө кырдаалдарда туура аракеттенүү көндүмдөрүн калыптандыруу, өрт коопсуздугу боюнча билимдерин тереңдетүү жана ыкчам жардам көрсөтүү боюнча даярдыктарын жогорулатуу болуп саналат.
Сынакка катышкан мектептердин ичинен Ж. Садыков атындагы Кемин №1 жалпы билим берүү уюмунун окуучулары 1-орунга ээ болушту. Мындан тышкары, сынактын облустук турунда 2-орунду багындырып, райондун намысын татыктуу коргошту.
Жеңишке жетишкен окуучуларыбызды жана жетекчилерин куттуктайбыз! Райондун атын чыгарып, мыкты жыйынтык көрсөткөн жаштарыбызга мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалайбыз.