1-октябрь – Карылардын күнүнө карата Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн жалпы билим берүү уюмдарында бир катар маданий жана кайрымдуулук иш-чаралары уюштурулду.

“Карысы бардын – ырысы бар” демекчи, 1-октябрь – Карылардын күнүнө карата Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн жалпы билим берүү уюмдарында мазмундуу жана алгылыктуу иш-чаралар өткөрүлдү.

Мектеп окуучулары мугалимдер менен биргеликте айылдагы кары ата-апалардын үйлөрүнө барып, майрамдык куттуктоолорун жолдошту. Окуучулар ыр-бий тартуулап, чакан белектерди белекке берип, улуу муун өкүлдөрүнө жылуу маанай тартуулашты.

Мындан тышкары, Алтымыш негизги жалпы билим берүү мектебинин мугалимдери жана окуучулары Кемин шаарындагы Карылар үйүнө барып, дасторкон жайып, карыларга белектерди тапшырышты. Алардын көңүлүн ачып, ырдап-бийлеп, жылуу сөздөрүн айтып, улуу муун өкүлдөрү менен бирге өткөргөн учурлар күндүн эң жагымдуу жана таасирдүү көз ирмемдеринин бири болду.

“Карылар – үйдүн ыйык байлыгы!”
Карылардын күнү – бизге өмүр берген, тарбия берген, акыл-насаатын аябаган улуу муунга болгон ыраазычылыкты билдирген өзгөчө күн.

Бардык карыларга бекем ден соолук, узун өмүр жана үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз!

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген