2025-жылдын 24-октябрында Кемин районунун бир катар мектептеринин 10–11-класстарынын окуучулары кесип тандоо багытында маалымат алуу максатында Кемин чек ара заставасына экскурсияга барышты.

2025-жылдын 24-октябрында Кемин райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу Б.М. Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин, А. Акаев атындагы Кызыл-Байрак, М.Ч. Кашаганов атындагы Ак-Бекет, Т. Өмүралиев атындагы Алмалуу жана А. Бакаев атындагы Ильич мектептеринин 10–11-класстарынын окуучулары кесип тандоого багыт берүү максатында Кемин чек ара заставасына экскурсияга барышты.

Экскурсиянын жүрүшүндө окуучуларга Кыргыз Республикасынын чек арачыларынын кызматтык милдеттери, Ата Мекенди коргоо багытындагы ишмердүүлүгү жана аскердик тартип тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле чек арачылардын күнүмдүк ишмердүүлүгү, техникалык жабдуулары жана кызмат өтөө шарттары менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Чек ара кызматынын өкүлдөрү менен маектешүү уюштурулуп, окуучулар аскер кызматкерлеринин жоопкерчилиги, мекенчилдик сезими жана кызматка болгон берилгендиги тууралуу түшүнүк алышты. Иш-чара жаштардын мекенге болгон сүйүүсүн жана жоопкерчилигин арттырууга өбөлгө түздү.

Экскурсия окуучулар үчүн пайдалуу жана тарбиялык мааниге ээ болуп, аларда аскер кызматкерлерине болгон сый-урматты күчөтүп, патриоттук сезимдердин калыптанышына шарт түздү.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген