2025-жылдын 25-октябрында Ө. Коңурбаев атындагы Самансур мектебинде “Тогуз коргоол” оюну боюнча Чүй облусунун биринчилиги өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды.

2025-жылдын 25-октябрында Кемин райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу Ө. Коңурбаев атындагы Самансур мектебинде “Тогуз коргоол” оюну боюнча Чүй облусунун биринчилиги өткөрүлдү.

Мелдешке Чүй облусунун бардык райондорунун жана Токмок шаарынын окуучулары машыктыруучулары менен катышышты. Улуттук оюнду жаштар арасында жайылтуу, келечек муундарга кыргыз элинин байыркы акыл-эс оюндарын үйрөтүү, логикалык ой жүгүртүүнү, стратегиялык пландоону жана чыдамкайлык сапаттарын өнүктүрүү максатында уюштурулган мелдеш жогорку деңгээлде жана кызуу таймаш менен өттү.

Жыйынтыгында:

🥇 1-орун — Токмок шаары
🥈 2-орун — Сокулук району
🥉 3-орун — Панфилов жана Аламүдүн райондору

Жеңүүчү командалар кубок, медаль жана Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Иш-чараны уюштурган мектептин дене тарбия мугалими, “Тогуз коргоол” ийриминин жетекчиси К.Э. Садыковго, ошондой эле мектеп жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз.

“Тогуз коргоол” оюну боюнча Чүй облусунун биринчилиги ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген