2025-жылдын 29-октябрында Кемин райондук билим берүү бөлүмүндө мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору үчүн бир катар актуалдуу маселелер боюнча кеңешме уюштурулду.




2025-жылдын 29-октябрында Кемин райондук билим берүү бөлүмүндө мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору үчүн кеңешме өткөрүлдү.
Кеңешменин жүрүшүндө окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана жолдо жүрүү эрежелерин сактоо маселелери талкууланды. Ошондой эле билим берүү мекемелеринин кыш мезгилине даярдыгы, жылуулук системаларынын абалы жана коопсуздук талаптарын сактоо боюнча маалыматтар каралды.
Мындан тышкары, 1-чейректи жыйынтыктоо алдында жүргүзүлүүчү баалоо иштеринин сапаттуулугуна өзгөчө көңүл бурулуп, окуучулардын билим деңгээлин объективдүү баалоо жана окуу процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуш-пикирлер айтылды.
Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү тапшырмалар берилип, билим берүү уюмдарынын жетекчилерине коюлган талаптарды так жана сапаттуу аткаруу милдеттендирилди.