2025–2026-окуу жылына карата Стим гранд жана Өнүктүрүү фондусунун эсебинен 21 млн сом бөлүнүп, М. Өмүралиев атындагы Кызыл-Суу жалпы билим берүү мектебинде оңдоп-түзөө иштери ийгиликтүү аяктады.




Кемин райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу М. Өмүралиев атындагы Кызыл-Суу жалпы билим берүү мектебине 2025–2026-окуу жылына карата Стим гранд жана Өнүктүрүү фондусунун каражатынан 21 млн сом бөлүнгөн.
Бөлүнгөн каражаттын негизинде мектепте жүргүзүлгөн оңдоп-түзөө иштери ийгиликтүү аяктап, 2025-жылдын 6-ноябрында салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким К. А. Шакиров, акимдин орун басары А. Джуманалиева, Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н. М. Якупова, Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы А. Ж. Дубанаев, ошондой эле жергиликтүү кеңештин депутаттары катышышты.
Салтанат учурунда келген коноктор сөз сүйлөп, мектеп жамаатына ыраазычылык билдиришип, ыраазычылык каттарды тапшырышты. ОсОО «Дорожный холдингинин» генералдык директору Т. К. Бабалиев аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, оңдоп-түзөө иштерине чейинки жана кийинки абалды чагылдырган видео көрсөтүлдү.
Иш-чара мектеп окуучулары тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен жыйынтыкталды.