🏕 Жайкы лагерь — эс алуу, билим жана өнүгүү бирдикте!

Жайкы лагерлер — бул балдар үчүн атайын уюштурулган, тарбиялык мааниге ээ болгон, билим берүү менен эс алууну айкалыштырган өзгөчө программа. Анын негизги максаты — окуучулардын саламаттыгын чыңдоо, чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү жана пайдалуу көндүмдөрдү калыптандыруу болуп саналат. Кемин райондук билим берүү бөлүмү тарабынан 2025-жылдын жай мезгилинде жалпы 23 орто мектептин башталгыч класстарынын окуучулары үчүн жайкы лагерь […]
🔔 Акыркы коңгуроо — жаңы жолдун башаты

Акыркы коңгуроо — бул бүтүрүүчүлөр үчүн жашоонун жаңы баскычына кадам таштоо гана эмес, ошол эле учурда мугалимдер үчүн да чоң жетишкендиктин, үзүрлүү эмгектин жыйынтыгы. Ар бир бүтүрүүчүнүн жүрөгүндө калуучу билим, акыл-насаат жана мээрим — бул Сиздер, урматтуу мугалимдер! 2025-жылдын 26-май күнү, Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн карамагындагы бардык жалпы билим берүүчү орто мектептеринде “Акыркы коңгуроо” […]
📚 Кемин районунда 5-класстардын арасында кыргыз тилинен көчүрүү сынагы өткөрүлдү

2025-жылдын 27-май күнү Кемин райондук билим берүү бөлүмү тарабынан 5-класстардын арасында класстан-класска көчүрүү сынагы өткөрүлдү. Сынак Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө мыйзамдарга жана тиешелүү нормативдик укуктук актыларга ылайык уюштурулду. Бул иш-чара төмөнкү документтердин негизинде өткөрүлдү: Сынактын негизги максаты — 5-класстын окуучуларынын мамлекеттик тилди өздөштүрүү деңгээлин текшерүү, класстан-класска көчүрүүнү негиздөө жана кыргыз тилинин билим берүү чөйрөсүндөгү […]
🎭 Кеминде «Муздак жүрөк» аттуу инклюзиялык спектакль жогорку деңгээлде коюлду

2025-жылдын май айында Кемин районунун маданият үйүндө өзгөчө бир маданий жана социалдык мааниге ээ иш-чара болуп өттү — «Үмүт-Надежда» балдардын ден соолугун калыптандыруучу үйүнүн тарбиялануучулары тарабынан доктор Кристофер Штольценбургтун жетекчилиги менен «Муздак жүрөк» аттуу инклюзиялык спектакль сахналаштырылды. Бул иш-чара Кемин райондук билим берүү бөлүмү жана Кемин райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын колдоосу менен […]
Улуттук китепканада «Улуу Жеңишке — 80 жыл» — «Баатырларды эскерүү» аттуу иш-чара өттү

Бүгүн, 16-майда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын «Кыргыз китеп» бөлүмүндө редакция-басма жана полиграфия-реставрация иштери бөлүмүнүн кызматкерлери уюштурган «Улуу Жеӊишке – 80 жыл» – «Баатырларды эскерүү» аттуу иш-чара өткөрүлдү жана китеп-сүрөт көргөзмөсү коюлду. Иш-чаранын алкагында акын Темиркул Үмөталиевдин «Үч баатыр» чыгармасынын каармандары – Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары Кубат Жуматаев, Асылкерим Осмонов жана Апсамат […]